Долбоор жөнүндө
Креативдүү кесиптер Академиясы

Долбоордун негизги максаты – аймактардагы жаш жана чыгармачыл жаштардын ѳнүгүүсүн жана окутуу, ошондой эле, майыптыгы бар адамдарга жеткиликтүү билим берүүнү уюштуруу.
"Креативдүү кесиптер Академиясы" долбоору "Жандан Креатив" коомдук фонду тарабынан Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин гранты аркылуу башкарылат.

Биз жөнүндө

КРЕАТИВДҮҮ КЕСИПТЕР АКАДЕМИЯСЫ – Кыргызстандын бардык аймактарынан келген жаштар үчүн инклюзивдик онлайн билим берүү долбоору. Биринчи окуу жылы 2020-жылы башталган, долбоордун автору Яна Дрёмина карантин учурунда үйдө болуп, үйдөн чыкпай окууга менен убакыт өткөрүү кандай сонун болмок деп ойлогон. Учурда төртүнчү жылы улантылып келе жаткан Академиябыздын окутуулары ушинтип жаралган.
Үч жылдын ичинде долбоорго катышуу үчүн 8573 өтүнмө берилген, алардын ичинен 1300дөн ашык талапкер төмөнкү багыттар боюнча окутулган: “Графикалык дизайн”, Санариптик маркетинг, “Видеопродакшн”, “Веб иштеп чыгуу” жана “Контент менеджмент”. Төртүнчү окуу жылында жаңы SMM курсу пайда болду. Бардык курстар эмгек рыногунда адистиктин актуалдуулугуна жана суроо-талаптардын негизинде тыкыр талдоодон кийин тандалып алынат. Ар бир курс – креативдүү кесипке окутуу болуп саналат, анда студенттер өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдөрүн ачып, акча таба башташат.

Биз бул сандар биздин сыймыгыбыз

Академия толугу менен онлайн долбоор болуп саналат

Сабактар ​​Zoom жана Codify платформаларында өткөрүлөт, бул Кыргызстандын каалаган аймагында жашап, окууга катышууга мүмкүнчүлүк жаратат.

Бул жерде бир гана чыгармачыл кесипке ээ болуу менен чектелбейсиз

Академия окуусун ийгиликтүү аяктаган студенттерге жумуш табууга жардам берет. Ар бир курс интервьюга даярдануу жана талапка ылайык портфолио түзүү боюнча сабактарды камтыйт.
Ал эле эмес!
Ар бир курстан бардык багыттар боюнча 7 мыкты студент тандалып алынат, алар окуу жылынын аягында өткөрүлүүчү финалдык иш-чарада өздөрүн жана дипломдук иштерин көпчүлүктүн жана калыстар тобунун алдында көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышат, ошондой эле конкурстун негизде байгелерге ээ болушат.

Креативдүү кесиптер академиясы

Бул жашоосун жакшы жакка өзгөртө алган адамдардын окуялары. Алар декреттик өргүүдө жүргөн, кичинекей балдары менен үйдө чогуу олтуруп, иштей баштаган энелер.
Алар майыптыгы бар жаштар, үйдөн чыгуу – алар үчүн дайыма чоң көйгөй жана кыйынга турат. Алар келечектеги кесибин али тандай элек мектеп окуучулары жана студенттер. Алар жашаган жеринен алыс шаарлардан жумуш таба албай кыйналган адамдар. Ал эми бул адамдардын баарын биздин өлкө бириктирип турат, Кыргызстандын ар бир аймагы мындай окуялар бай.

Биздин команда

Айыма Ишембиева
Долбоор менеджери
Мария Куртасова
SMM менеджер
Алия Табалдиева
Чүй, Талас жана Жалал-Абад облустары боюнча аймактык координатор
Эльмира Карабекова
Ош жана Баткен облустары боюнча аймактык координатор
Алмагул Молдогазиева
Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык координатор

Долбоор боюнча байланыш маалыматы:

КРЕАТИВДҮҮ КЕСИПТЕР АКАДЕМИЯСЫ 2024
Биз социалдык тармактардабыз:
Долбоор менеджери:
Биздин сайт: